Нарын шаарында жабык балдар оюн-зоок аянты салынып баштады
11 август

Нарын шаарында жабык балдар оюн-зоок аянты салынып баштады

Нарын шаарында муниципалдык жабык балдар оюн-зоок аянтынын курулушу башталды. 

Иштин жүрүшү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы КамчыбекТашиев таанышты. 

Белгилей кетсек 94,2 млн сомго курулуп жаткан жаңы объект:

  • интерактивдүү,
  • өнүктүрүүчү оюн аянты,
  • эс алуу жана күтүү залдары өңдү заманбап шарттары менен курулуп, оюн-инвентарлары менен жабдылат.

Муну менен катар, Нарын шаарындагы коомдук муниципалдык мончонун эски имараты толугу менен бузулуп, ордуна үч кабаттуу 200 орундуу заманбап шарттары жана бассейни менен жаңы коомдук мончо салынып жатат.

Мындан тышкары, жергиликтүү калк үчүн оң чечимдерди кабыл алууда, мамлекеттик сатып алуудагы жүргүзүү иштеринде эң төмөнкү бааларга эмес, сапатына жана эң негизгиси квалификациялык талаптарга жооп берээрине көңүл буруулуусу белгиленди.

УКМК Төрагасы жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине өз аймактарын көрктөндүрүү, жашоочулардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжал пайдаланып, өздөрүнүн функционалдык милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылаары тууралуу катуу эскертти.