Балыкчыда мыйзамсыз ок атуучу курал сактоо жана аңчылык иштерине байланыштуу кылмыш иши козголду
01.08.2025-жылы Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Балыкчы ШИИБдин КККнын ЛУБКнын улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Э. Жунусов билдирүү менен кайрылган. Себеби, 2025-жылдын 1-август күнү ишенимдүү адамдан келип түшкөн маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын аймагында А аттуу адам мыйзамсыз ок атуучу курал сактап, аңчылык иштерин жүргүзүп жүргөндүгү боюнча маалымат болгон. Бул тууралуу билдирип, ал окуяны маалыматтык электрондук журналга каттап, ага карата юридикалык баа берүүнү суранган
Жогорудагы факты боюнча 2025-жылдын 6-августунда Балыкчы ШИИБнин ТКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 267-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш ишинин алкагында Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан тинтүү иштери жүргүзүлүп, Балыкчы шаарына караштуу Ак-Өлөң айылынын тургуну З. Э. аттуу жарандын үйүнөн төмөндөгүлөр алынган:
- 1 даана бронежилет,
- 1 даана бушлат,
- 1 даана армейский шым,
- кулжадан 2 даана мүйүз, текеден 2 даана мүйүз,
- эликтин 1 даана башы жана 2 мүйүзү, 1 даана МЦ-12 калибрдеги мылтык,
- 1 даана ГЭКтин затвор жатагы, 1 даана 12 калибрдеги ствол,
- 1 даана 16 калибрдеги ствол,
- 1 даана тирдин стволу,
- 3 даана кундак,
- 1 даана цевье,
- 9 даана чапталган ок-дарылар,
- 50 даана бош ок-дары гилзасы,
- 1 даана моторлуу кайыктын винти,
- 2 даана мылтыктын кабурасы.
Мындан тышкары, аталган кылмыш иши боюнча Балыкчы шаарынын тургуну А. К. С. аттуу жарандын дачасына тинтүү жүргүзүлүп, төмөндөгүлөр алынган:
1 даана дүрбү,
- 2 даана мылтык оптикасы,
- 2 даана ашкана бычагы,
- 75 даана ок-дарылар,
- 49 даана ок-дарынын бош гилзалары,
- 1 даана эликтин башы,
- 1 даана эки түгөй суу өтүк,
- 1 даана аскердик темир издөөчү каражат.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдөн сурак алынып, жогорудагы алынган каражаттарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. Кошумча маалыматтар болгон учурда, алар кагаз түрүндө кабарланат.
