Нарын облусунда «Инновациялык креативдүү демилгелер» борбору курулуп жатат
Нарын шаарында жаңы үч кабаттан турган искусство, маданият жана инновацияга негизделген «Инновациялык креативдүү демилгелер» борборунун курулушу жүрүп жатат.
УКМК Төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев жаңы багыттагы борбордун имаратын куруу иштерин жеринде көрдү.
Аземдин жүрүшүндө, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров «Инновациялык креативдүү демилгелер» борборунун курулушунун алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Бул долбоор Президенттин Турукташтыруу фондунан Нарын шаарын өнүктүрүү үчүн бөлгөн 807 млн сомдун ичинен 467,4 млн сомго курулуп жатат.
Аталган «Инновациялык креативдүү демилгелер» борборунун курулушу 5874,56 метр кв жерге ылайыкталып музей, китепкана, кинотеатр маданият үйү жайгашып, заманбап шарттар түзүлмөкчү.
