Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын, ошондой эле жүрүм-турумдук жана моралдык баалуулуктарын, инсандын рухий-жүрүм турумдук саламаттыгын коргоо болуп саналат.
Алсак, ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү, аудиоматериалдарды же башка предметтерди сатууну, максат кылбастан даярдоо, көрсөтүү, сактоо же жарнамалоо, же мындай предметтерди башка жолдор менен жайылтуу, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу жайылтуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген өзгөртүү киргизүү сунушталат.
