Кыргызстанда даректөө системасын жаңылоо долбоору башталды
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы кеңсесинде Кыргыз Республикасынын даректөө системасын жаңылоого арналган семинар өттү.
Иш-чарага Корея Республикасынын Ички иштер жана коопсуздук министрлигине караштуу Даректик маалыматтарды жүргүзүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Корей мейкиндиктик маалымат корпорациясынын адистери катышты.
Корейлик адистер долбоордун негизги багыттарын сунушташты. Алардын ичинде:
• даректөө системасын жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талдоо жана кароо;
• Кореянын көчө аттары боюнча даректөө тажрыйбасын изилдөө;
• заманбап даректөө ыкмаларын киргизүү боюнча консультациялар.
Долбоордун максаты – даректөө маалыматтарын өнүктүрүү жана санариптештирүү менен катар эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүү, жаңы тармактарды түзүү жана турмуш-тиричилик жана административдик кызмат көрсөтүүлөр тармагына инновацияларды киргизүү. Жаңыланган система жарандардын жашаган жайларын гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде транспорттук жолдорду да камтыйт.
Долбоор 5 ай ичинде толук ишке ашырылып, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында жыйынтыкталат. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан менен Кореянын адистеринин биргелешкен жолугушуулары, окутуулар жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.
