23 апрель

Бишкекте киберкылмыштуулукка каршы эл аралык конференция болуп өттү

Бишкек шаарында 23-апрелде ИИМдин Республикалык окуу борбору тарабынан «Кыргыз Республикасында маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө жасалган кылмыштарга каршы аракеттенүү» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага Россия Федерациясынын ИИМдин Омск академиясынын башчысынын орун басары Владимир Гусев, Беларусь Республикасынын ИИМдин академиясынын илимий иштер боюнча башчысынын орун басары Дмитрий Лахтиков, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын ыкчам жана тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, эксперттик коомчулук жана ЕККУнун эл аралык адистери катышты.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун башчысы Бакыт Дубанаев ачып, катышуучуларга ийгиликтүү иш алып барууну каалады.

Конференциянын жүрүшүндө маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө жасалган кылмыштарга каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен бул багыттагы ишмердүүлүктү өркүндөтүү, адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында конференция катышуучулары маалыматтык технологиялар тармагындагы кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана практикалык тажрыйба алмашууну улантуу боюнча бир катар сунуштарды иштеп чыгышты.

Бул иш-чара аталган багыттагы мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө жана киберкылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.