Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке кайтарды
11 август

Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке кайтарды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.А. Азыгалиев, М.Дж. Саккараев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары – Мыйзам) каршы пикирлери менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайтарды.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын негизги ченеми – эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп таануу.

Каршы пикирлер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын корутундуларынын негизинде даярдалды.

Эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келет, мамлекеттин гендердик теңчилик жана укуктун үстөмдүгү принциптерин жактагандыгынбилдирет, аялдарды жана балдарды укуктук жанасоциалдык теңсиздиктен коргойт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.