Жол тескөөчүлөрү тарабынан унаа урдоого шектүү жарандар кармалды
11 август

Жол тескөөчүлөрү тарабынан унаа урдоого шектүү жарандар кармалды

2025-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарынын Айни көчөсүнөн “Хонда-Стевагон” үлгүсүндөгү автоунаа белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгы боюнча малымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан издеп табуу иш-чаралары жүрүп жаткан учурда, ушул эле авто унаа болжол менен саат 12:10 чамаларында Каракол шаарында “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү унаанын жолун тороп, айдоочусу менен урушуп, “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү ок атуучу тапанча менен коркутуп, андан ары окуя болгон жерден качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа жол тескөөчүлөрү тарабынан кармалган учурда, айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, кызматтык унааны сүзүп, ошол жерден изин жашырып качкан.

Жыйынтыгында жогорудагы унааны уурдап качууга шектүү катары 1991-жылы туулган С.К.Ю. жана жүргүнчүсү 1989-жылы Б.Э.Э. аттуу жарандар кармалып, унаанын ичинен жүргүнчүсүнө таандык 1 даана тапанча табылып алынган.

Азыркы учурда кылмышка шектүү жарандар Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.