Жайыл районунда бөтөлкөлөштөрдүн кайым айтышы бычакташуу менен аяктады
Чүй облусунда бычак колдонуу менен ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
2026-жылдын 18-апрелинде Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жайыл районунун Новониколаевка айылында бычактан жаракат алган эркек киши Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Окуя болгон жерге барган учурда төмөнкү жагдайлар аныкталган: 1995-жылы туулган П.О. 2026-жылдын 18-апрелинде таанышы, 1996-жылы туулган Х.Г. менен байланышып, анын үйүнө спирт ичимдиктерин алып барган. Спирт ичимдиктерин ичип отурушкан учурда алардын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө Х.Г. ашкана бычагын алып, П.О.ну 2–3 жолу сайган.
Ошол учурда кошунасы Д.А. үйгө кирип келип, ашкананын полу кан болгонун көрүп, дароо башка кошуналарды чакырып, тез жардам кызматын чакырган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган Х.Г. Кыргыз Республикасынын КЖПКсынын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
