Чүй: Курулуш реестрине катталбаган объекттер боюнча 1 миллион сом айып пул
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу фактылары катталды.
Тактап айтканда, аталган объектилерде курулуш-монтаждоо иштери , бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгендиги аныкталды. Бул аракеттер курулуш мыйзамдарынын эрежелерин одоно бузуу жана мамлекеттик көзөмөлдүн талаптарына карама-каршы келет.
Белгилей кетсек, Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестри – бул курулуш объектилерин каттоо үчүн жүргүзүлүүчү мамлекеттик электрондук маалыматтык система. Анда объект тууралуу негизги маалыматтар, анын ичинде дареги, курулушту жүргүзгөн тарап, долбоордук жана уруксат берүүчү документтер киргизилет. Курулуш-монтаждоо иштерин реестрге каттоодон өткөрбөстөн жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн тараптарга карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде жалпы салынган айып пулдун суммасы 1 миллион (1 000 000) сомду түздү. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
