Талас облусунда мамкызматкерлерге шайлоого кийлигишүүгө тыюу салынды
КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, облус прокурору, ИИБ башчысы Азенбек Козукеев жана облустагы бардык мамлекеттик жетекчилер катышкан жыйын болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чаранын негизги темасы – алдыдагы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоонун мыйзам чегинде жана таза өтүшүн камсыздоо болду.
Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо процессине аралашуусуна, кайсы бир талапкерди колдоого же үгүт иштерине катышуусуна катуу тыюу салынат.
