«Бишкек шаардык транспорт» ишканасы жумушчуларды издейт
15 январь

«Бишкек шаардык транспорт» ишканасы жумушчуларды издейт

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жоопкерчиликтүү кызматкерлерди өзүнүн ынтымактуу жана шаңдуу командасына чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. 

Төмөндөгү кызматтарга бош орундар бар:

Айдоочулар:
* Жаш курагы: 21ден 63 жашка чейин;
* «D» категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
* Иш тажрыйбасы кеминде 3 жыл.

Айдоочулар:
* «D», «C», «E» категорияларындагы айдоочулук күбөлүк;
* Иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес.

Бухгалтер:
* Салыктык эсеп жана отчеттуулук боюнча билим;
* 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
* Профильдик программаларды мыкты билүү.

Устачы (слесарь):
* Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө жөндөмү;
* 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Автоэлектрик:
* Электр системаларындагы бузулууларды аныктоо жана оңдоо жөндөмү;
* 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлер аркылуу байланышыңыз: 0312 531 789 жана 0990 306 076.