Депутат Россияда легалдаштырууга туш келген кыргызстандык мигранттардын көйгөйүн көтөрдү
26 июнь

Депутат Россияда легалдаштырууга туш келген кыргызстандык мигранттардын көйгөйүн көтөрдү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Россиядагы мигранттарды легалдаштыруу маселесине Кыргызстандын тиешелүү министрликтеринин кийлигишүүсүн суранды.

Айтымында, ага Санкт-Петербургда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар кайрылышкан.

«Россия президентинин мигранттарды легалдаштыруу боюнча жарлыгынын негизинде, айыппул төлөө үчүн биздин жарандар таңкы саат 4төн баштап кезекке туруп жатышыптыр. Бир күндө 3-4 адам гана өтөт экен, мындай темп менен көп болсо 100 адамды тейлөөгө жетишишет. Ал эми легалдаштыруу мөөнөтүнүн бүтөөрүнө эки айдан ашуун убакыт калды, 10-сентябрда токтойт. Биздин ТИМ менен ИИМ өздөрүнүн кесиптештери менен сүйлөшүп, эки өлкөнүн мамилелерин эске алуу жолу менен бул маселени чечип берсе жакшы болот эле», – деди Ормонов.

Ошондой эле, ал ушул сыяктуу легалдаштыруу чечими Кыргызстанда да кабыл алынганын, бирок ал чет өлкөлүктөр менен катар кыргызстандыктарга да тийип жатканын белгиледи.

«Кыргызстандыктар Кыргызстанда текшерүүгө дуушар болуп жатышат. Башка өлкөнүн атуулдугун алгандар бар, алар ушул тартипке туш болуп, катуу жабыркоодо. Ушундай жагдайды эске алып, токтомго өзгөртүү киргизүүбүз керек», – деди депутат.