Кочкор районунда милициянын жаңы таяныч пункту ачылды
Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагындагы Ормон Хан эс алуу паркында 29-августта милициянын жаңы участкалык таяныч пункту ачылды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.
Жаңы таяныч пункту эс алуу паркына келген жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган.
Паркты жана анын айланасын көзөмөлдөө үчүн видеобайкоо камералары орнотулуп, аларды башкаруу түздөн-түз милициянын таяныч пунктунан жүргүзүлөт.
Участкалык таяныч пунктун курууга Ормон-Хан айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн.
Иш-чарага Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Максат Думанаев, Кочкор районунун жетекчилиги, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Искен Базаркулов, милициянын ардагерлери жана райондук милиция бөлүмүнүн өздүк курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан милиция менен тыгыз кызматташып, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүп келе жаткан жетекчилерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Жаңы таяныч пунктунун ишке кириши аймактагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милициянын ишин дагы да күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
