Ош шаарынын аймагында жер тилкелер мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ош шаарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өзүнүн жеке кызыкчылыктары жана материалдык же башка пайда алуу максатында мыйзамсыз жол менен 55,36 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтиргендиги аныкталган.
Ошону менен бирге, 51,97 гектар айыл чарба багытындагы жерлер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткен.
Аталган факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“коррупция”) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
