Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август
Ак-Талаа районунда 18 үйдүн короосун сел суулары каптады
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан сел суулары ашып өтүп, 18 турак жайдын короосун каптады.
Такталган маалыматка ылайык, анын ичинен эки үйдүн жер төлөсүнө суу кирип, беш үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.
Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.
Жеринде бир атайын техника, 12 куткаруучу жана жарандык коргонуу кызматтарынан 8 кызматкер, жалпысынан 20 адам иш алып барууда.
