Москвадагы MANTA FORUM - 2025 Борбор Азиядагы туристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты
Москвада Resort Holiday туроператору тарабынан уюштурулган MANTA FORUM – 2025 болуп өттү.
Бул ири эл аралык иш-чара Мальдив, Сейшел, Маврикия, Шри-Ланка, Таиланд, Оман, БАЭ, Түркия жана Египеттеги 800дөн ашуун туристтик агенттиктерди жана 110 мейманкананын өкүлдөрүн чогултту.
Форум үч негизги зонаны камтыды:
• THE MARKET – 110дон ашык өнөктөштүн катышуусундагы көргөзмө жана воркшоптор;
• LECTORIUM – мейманканалар жана багыттар жөнүндө маркетингдик презентациялар;
• MEDIA ROOM – пресс-конференциялар жана тармактык ЖМК менен туризмдин актуалдуу темаларын талкуулоо.
Катышуучулар Азиянын экзотикалык курортторун, экотуризмди, маданий жана тарыхый маршруттарды, үй-бүлөлүк жана романтикалык эс алууну, ошондой эле багыттарды жана мейманканаларды илгерилетүүнүн сырларын, онлайн жана оффлайн иштөөнү, туризмде жасалма интеллектти жана жаңы технологияларды колдонууну талкуулашты.
Инновацияларга, анын ичинде курорт менен алдын ала таанышуу үчүн виртуалдык реалдуулук мүмкүнчүлүгүнө жана онлайн брондоого өзгөчө көңүл бурулду, анын жардамы менен туристтер учакка отурганга чейин эле эс алууну пландаштыра алышат.
Resort Life компаниясынын брондоо жана маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Ирина Чернявскаянын айтымында, КМШ өлкөлөрүнөн барган эс алуучулар, айрыкча, кыргызстан, өзбекстан жана казакстандык үй-бүлөлөр үй-бүлөлүк эс алуу үчүн Мальдивди тандашат.
“Мальдив бир гана жуптар үчүн романтикалык эс алуу эмес, балалуу чоң үй-бүлөлөр үчүн да коопсуз жана ыңгайлуу эс алууга айланууда.
Жалпысынан мен Мальдив багытын тандоо жагынан лидер болгон КМШ рыногу үчүн Мальдив аралдары туристтердин ар кайсы категориясына ылайык келген бир топ тынч жана пляждык эс алуу болуп саналаарын белгилейм. Биз жылдан жылга кардарлардын портрети абдан өзгөрүп жатканын көрүүдөбүз, үй-бүлөлүк кардарлар абдан көбөйдү. Айрыкча, алар Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн барган 5, 6, 7 жана андан көп адамдан турган үй-бүлөлөр.
Ошондуктан Мальдив жуптар үчүн романтикалык эс алуу болуудан калууда, бул эми үй-бүлөлүк эс алуу, анткени, мында ал үчүн мүмкүн болчу бүт ресурстар бар. Мальдив балалуу үй-бүлөлөр үчүн коопсуз дагы, ошол эле убакта комфорттуу дагы эс алуу”, – деди ал.
MANTA FORUM - 2025 Индия океанынын аралдары жана башка багыттар менен иштеген туристтик агенттиктер үчүн Resort Holiday туристтик операторунун эң маанилүү иш-чараларынын биринин макамын тастыктады жана тажрыйба алмашуу, кызматташуу жана туристтик өнүмдөрдү илгерилетүү үчүн аянтча түздү.
Караван-Инфо Кыргызстан иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү болду
