Коомдук транспортторго көзөмөл күчөтүлөт. Рейддик иш-чара башталды
Коомдук транспортторго карата рейддик иш-чара башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, акыркы учурларда жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун катышуусунда жол эреже бузуу фактылары көп катталып, жол кырсыгына себеп болгон учурлар кездешүүдө.
Айрыкча коомдук транспорттун айдоочулары жүрүнчүлөрдү салууда же түшүрүүдө аялдамага жетпей токтоп, жасалма жол тыгындарын пайда кылып, унаа башкаруу учурунда уюлдук телефон көрүп, же чылым чегип, айдоо маданиятын сактабай жүргөндөрү көп кездешет.
Мына ушундай эреже бузуу фактыларынын алдын алуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан бугүндөн тартып, “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чарасын баштады.
Рейддик иш-чаранын алкагында коомдук транспорттордун айдоочуларына көзөмөл күчөтүлүп, эреже бузган айдоочуларга тийиштүү айып пулдарды салуу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
