Бишкекте 16 автобус каттамынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 август

Бишкекте 16 автобус каттамынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Чүй проспектинин Чыңгыз Айтматов проспектинен (мурдагы Манас проспекти) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Мэриядан кабарлашкандай, өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254.

Убактылуу чектөөлөр мезгилде автобустар жабылган тилкени айланып өтүү менен өзгөртүлгөн маршруттар боюнча каттайт.

Бул чаралар коомдук транспорттун жабылган тилкелеринде тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынууда.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан сапарларын пландаштырууда убактылуу өзгөртүүлөрдү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоону өтүнөт.