Сузак районунда 6 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 август

Сузак районунда 6 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолдун узундугу — 6 чакырым. Быйылкы жылы толук асфальт төшөө пландалган.

Азыркы тапта №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун 4 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады.

Ал эми жолдун толук асфальтталышы менен жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз каттам түзүлүп, айылдар ортосундагы транспорттук байланыш жакшырат.

Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.