Бишкекте эркек киши экинчи кабаттан кулап, үч шектүү кармалды
11 август

Бишкекте эркек киши экинчи кабаттан кулап, үч шектүү кармалды

2025-жылдын 1-августунда саат 1:30 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматы аркылуу Манас проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн биринен болжол менен 45 жаштардагы эркек киши экинчи кабаттан кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат берилген.

Аталган факты Биринчи Май РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, аны текшерүү учурунда РИИБдин тергөө ыкчам тобу чыккан жана окуя болгон жерге барган учурда келип түшкөн маалымат тастыкталып териштирүү иштери башталган. Жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-(ден соолукка оор залал келтирүү) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1985-жылы туулган А.С., 1979-жылы туулган Б.У., жана 1987-жылы туулган С.М., аттуу жарандар аныкталып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, райондук сот тарабынан 1-Тергөө абагына камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалган.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 19-беренесинин талаптарына ылайык, аталган окуя болгон жерден видео жаздыруулар алынып, соттук медициналык экспертизасы дайындалып ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.