Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө
22 май

Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө

Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө, деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, облуу боюнча жалпы 16050 га аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12 750 га аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталды, анын ичинен 5000 га аянтта химиялык иш-чаралар аткарылды.

Баткен химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгы, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте, зыянкечтерге каршы дарылоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Бул чаралар чегирткелердин аймактын айыл чарбасына, экономикасына жана социалдык жашоосуна, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүсүн алдын алуу болуп саналат.

Химиялык иш-чараларга 3 техника тартылган.