Маматов: Бишкекте быйыл көмүр 500 сомго кымбаттайт, бирок сапаты жакшырат
8 октябрь

Маматов: Бишкекте быйыл көмүр 500 сомго кымбаттайт, бирок сапаты жакшырат

Бишкек шаарында былтыр бир тонна көмүр 5300 сом болсо, быйыл 5800 сомго жетет. Бирок мурда көмүрдүн 40-50 пайызы майда көмүр болчу, ал эми быйыл баары бирдей сапаттуу, кесек көмүрлөр.

«Кыргызкөмүр» ААК башкы директору Кайрат Маматовдун “Биринчи радионун” эфиринде айтканына караганда, элди арзан, сапаттуу көмүр менен камсыз кылууга аракеттер жасалууда.

“Кара-Кечеде” кезекке туруп, көмүр алып чыккан көптөгөн жеке автоунаалар бар. Алар көмүрдү ар кандай регионго барып, каалаган баа менен сатышат. Ар биринин артынан жүрө албайбыз, анткени, баарынын өздөрүнүн кардарлары бар. Мисалы, ошондой автоунаанын айдоочулары “кезексиз киргизели, биздин соцбазага көмүр ташып берип койгула”, - десек эч убакта макул болушпайт. Эки жылдын ичинде жаңы эреже орун алат: бизге иштебеген айдоочуларды кенге киргизбейбиз”, – деди ал.

Айтымында, “Кыргызкөмүрдүн” учурда өлкө боюнча соцбазалары 75ке жетти, аны 250-300гө көбөйтүү пландалууда. Бул элди жеринде арзан көмүр менен камсыздоого өбөлгө болот.

“Соцбазаларды көбөйтүп, өзүбүз өндүргөн кесек көмүрлөрдү элге жеткиликтүү баада сатпасак, канча жылдан бери ар кайсы айдоочуга “элге арзан жеткирип бергиле” деп жалдырап жүрөбүз. Биз белгиленген баа менен жүктөп беребиз, а алар мисалы, Бишкекке келип, күн бир аз сууктаганда үстүнө кошушат. Анализ кылып көрсөк, мүшөк менен сатылганда көмүрдүн бир тоннасы 6 миңден 10 миңге чейин жетүүдө. Ооба, мүшөктүн баасы – 15 сом, сатуучулардын акысы кошулат, бирок ошондо деле 6-10 миң чоң сумма”, – деди ал.

Ошондой эле, Маматов быйыл мүшөк көмүрдүн баасы былтыркыдай 300 сомго чыкпай турганын кошумчалады.