Нурлан Кульджигачев: Бишкек ЖЭБи жылуулук мезгилине толугу менен даяр
“Бишкек ЖЭБ” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Нурлан Кульджигачев “Биринчи радионун” эфиринде жылуулук мезгилине толугу менен даяр экендиктерин билдирди.
Айтымында, жылына ЖЭБ 200 миң тонна жергиликтүү жана 200 миң тонна импорттук көмүр керектейт. Көмүр боюнча келишимдердин баары жаз айында эле түзүлгөн, а учурда көмүр ташылып жатат.
“Бүгүнкү күндө 320 миң тонна көмүр кампада жатат. Негизи, график-план боюнча жылына 1 млн 400 миң тоннадай көмүр жагабыз”, – деди.
Ал жылуулук мезгилине карата жыл сайын болчу ремонт иштери ыргагы менен жүрүп, аяктоо алдында экенин кошумчалады.
“Пландаштырылган ремонттор график боюнча жүрүп жатат. 7 агрегат, 7 буу казанды ремонтко чыгарганбыз. 7 буу казандын үчөөсү учурда ремонтто. Жакын арада баары аягына чыгат. Көмүр азыр маселе болбой калды, убагында жеткирип турушат. Бир сөз менен айтканда, биз суук түшүп кетсе, жылуулук берүүнү баштаганга толугу менен даярбыз”, – деп белгиледи.
Айтымында, ЖЭБке майда көмүрлөр жагылат, бирок казандардын артына 50 литрлик фильтрлер орнотулгандыктан, түтүн ал жактан тазаланып, сыртка таза аба чыгат.
Ал белгилегендей, норма боюнча, +8 градустан ылдый аба табы 5 күн катары менен кармалганда гана жылуулук берүү башталат.
