Садыр Жапаров: “Саясаттагы 10 жыл” аттуу китебимдин уландысын чыгарам
2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл туура беш жыл болду. Буга утурлай президент Садыр Жапаров мамлекеттик агенттикке маек берген.
Мамлекет башчысы маегинде ал окуялар боюнча кийин мемуар жазарып айтып, “Саясаттагы 10 жыл” аттуу китебинин уландысын чыгарарын билдирген.
"2015-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки окуялар, түрмөдөгү үч жарым жылдык жашоом камтылат. Ошол жерден көптөгөн кызыктуу, таң калычтуу окуяларга күбө болосуздар. Китеп “Бестселлер” болот", – деген ал.
