Курманбек Бакиев Жалал-Абадда ооз ачар өткөрдү
Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды март революциясынын 20 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоонун текстин Аскаттейит Нурудунов Facebook`тагы баракчасына жүктөдү.
Текстте:
"Март ынкылабы ошол кездеги бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы, өлкөнүн экономикасынын, кыргыз элинин жашоосунун мурда-кийин болуп көрбөгөндөй төмөнкү денгээлге түшүп кеткендигине карата болгон элдин нараазычылыгынан келип чыккан жана дүйнө элине үлгү болгон чыныгы элдик ынкылап болгон. Андай экенин бир эле өзүбүздүн өлкөнүн жарандары эмес, башка элдер да ушул күнгө чейин айтып келишет.
Колдоруна курал-жарак эмес, плакаттарды көтөрүшкөн интеллигенция топту баштап, аларды мин сандаган калың эл, аялдар, жаш балдар ээрчип, адамдар инсандык сапаттарын бийик кармап, маданияттуу түрдө нараазычылык акциясына чыгышкан", - деп айтылат.
Билдирүүдө Курманбек Бакиевдин Минсктеги мечитте, ошондой эле Жалал-Абадда ооз ачар өткөргөндүгү айтылат.
Эске сала кетсек, 2005-жылдын 24-марты тарыхта "жоогазын революциясы" деген аталыш менен калган. Дул ушул күнү Кыргызстандагы элдик толкундоолор биринчи бийлик алмашууга алып келген. 2005-жылдын 24-мартында өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаев КРдан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Курманбек Бакиев бийликке келип, ал да 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал өзү 30 жылга эркинен ажыратылган.
