ШКУнун саммити жана ДКО-2026: Бишкекте 30-августта тарта жол кыймылы убактылуу чектелет
Эл аралык иш-чараларга байланыштуу 2026-жылдын 30-августунан баштап Бишкектин айрым жолдорунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаардын жол тармагынын төмөнкү бөлүктөрүндө убактылуу чектөөлөр:
- Манас эл аралык аэропортунан Чүй проспектине чейин Манас көчөсү (мурдагы Васильевский тракт көчөсү);
- Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Чыңгыз Айтматов проспектине чейин (мурдагы Манас проспектиси);
- Чыңгыз Айтматов проспекти Чүй проспектинен Семетей көчөсүнө чейин;
- Жибек- Жолу проспекти Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө (мурдагы Байтик Баатыр көчөсү) чейин;
- Жусуп Абдрахманов көчөсү (мурдагы Байтик Баатыр көчөсү) Жибек-Жолу проспектинен Семетей көчөсүнө чейин;
- Аалы Токомбаев проспекси Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн (мурдагы Байтик Баатыр көчөсү) Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин.
Мындан тышкары, иш-чаралар учурунда "Бишкек Арена" стадионуна жакын жайгашкан жолдордун айрым бөлүктөрүндө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.
Бишкек мэриясы тургундардан жана коноктордон көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана каттамдарын алдын ала пландаштырууну суранат.
