Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Кыргызстанга келет
3 сентябрь

Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Кыргызстанга келет

Эртең, 4-сентябрда Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу КР ЖКдан кабарлашты.

Расмий сапардын алкагында Ален Симонян Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.