Кайрат Маматов: Мындан ары “Кара-Кече” көмүр кенинде иштегендер тааныштарына жакшы көмүр чыгарып, элге топон көмүр жиберүүнү токтотушат
8 октябрь

Кайрат Маматов: Мындан ары “Кара-Кече” көмүр кенинде иштегендер тааныштарына жакшы көмүр чыгарып, элге топон көмүр жиберүүнү токтотушат

“Кара-Кече” көмүр кенине эки сорттоочу комплекс сатып алынды. Анын бири орнотулуп, байкоо режиминде 5 тонна көмүр чыгарды. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААК башкы директору Кайрат Маматов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Айтымында, күз-кыш мезгилине болгон даярдык аталган көмүр кенинде туруктуу жана элди көмүр менен камсыз кылуу толук кандуу ишке ашырылат.

“Кенге күнүнө 150-200дөй жүк ташуучу автоунаа кирип чыгат. Биз учурда 3 багыт менен иштеп жатабыз: биринчи – Бишкек ЖЭБ. Аны көмүр менен камсыздоо келишимине ушул жылдын май айында кол коюлган. ЖЭБке көмүр жеткирүүчү автоунаалар кенге кезексиз кирет.

Экинчи – социалдык объектилер: бала бакча, мектеп, оорукана ж.б.

Үчүнчү – социалдык базалар.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте быйылкы жылы Бишкек ЖЭБ үчүн 1 тонна көмүргө 2 460 сом баа коюлду. Ал эми элге эленген көмүр бир жума мурда 2 650 сом деп белгиленди. Бул кенден чыккандагы баа”, – деди ал.

Айтымында, буга чейин кенде сорттоочу комплекс жок болгондуктан, ал жакта коррупциялык элементтер орун алып, кенде иштеген кызматкерлер тарабынан өздөрүнүн тааныштарына, туугандарына эленген жакшы көмүрдү чыгарып берүү көрүнүштөрү болуп келген.

“Башынан эле “Кара-Кечеде” Жумгал районунун тургундары иштешет, 600гө чамалаш. Алардын жеке айдоочулары менен канча автоунаасы бардыгын Кудай билет. Болбоду дегенде 200дөй унаа бар. Аларга кезексиз, жакшы көмүрлөрдү жүктөп берүүгө көнүп калышкан. Мындай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн эки сорттоочу комплекс сатып алдык. Биринчисин орнотуп, 5 миң тонна көмүр эленип, учурда Бишкек шаарына ташылып жатат. Ал элге сатылат. Мындан ары жаңы жабдыктардын жардамы менен эленген кесектер гана сатыкка чыгат, мурдагыдай топон көмүр болбойт”, – деди директор.

Ошондой эле, ал белгилегендей, Министрлер Кабинетинин чыгарган токтому 15 күндөн кийин күчүнө кирет жана ага ылайык, Бишкек менен Ошко экологияны сактоо максатында, майда көмүр киргизилбейт. Бул үчүн Кемин жана Кара-Балтада пост коюлат.