“Бир депутат – бир шакирт” программасы:  ар бир депутат 5 жылда бир кадр даярдашы керек
www
19 март

“Бир депутат – бир шакирт” программасы:  ар бир депутат 5 жылда бир кадр даярдашы керек

Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы программанын долбоору тааныштырылды.  

Белгилегендей, “Жаш кадрлар мектеби” деп аталган окуу курсу өлкөдөгү кадрдык таңкыстыкты жоюу максатын карманат. Анда студенттер жана 35 жашка чейинки жарандар 10 жума окушат. 

Окуу программасы: 

  • парламенттеги иш-чараларга катышуу; 
  • стажировкадан өтүү. 

Окуу курсунун аяктаган катышуучулар атайын сертификат алышат. 

“Окуу Жогорку Кеңештин алдында ишке ашырылат. Максатыбыз – мамлекеттик башкарууну терең түшүнгөн, аналитикалык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, кесипкөй парламенттик кадрларды даярдоо. Бул курстун катышуучуларынан мыйзам чыгаруу процессин талдай алган, коом жана медиа менен эффективдүү иштеген, санариптик башкарууну колдоно алган кадрлар чыгат”, – деди демилгечи депутат Болот Сагынаев.

Ал белгилегендей, программага жогорку окуу жайларынын 3-4-курсунун студенттери жана 25 жаштан 35 жашка чейинки жаш адистер катыша алышат. 

Айтымында, жаш кадрлар мектебин ийгиликтүү аяктагандарга депутаттар менен бир жыл иштешүү мүмкүнчүлүгү берилет. Алар депутаттарга жардамчы катары бекитилет. Бирок максат башка – депутатты жардамчы менен камсыз кылуу эмес, тескерисинче, "бир депутат – бир шакирт" багытында ар бир депутатты беш жылдык мөөнөтүндө бир шакирт даярдоого милдеттендирүү.