Кыргызстанда Соттук эксперттер палатасы түзүлдү
11 август

Кыргызстанда Соттук эксперттер палатасы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты соттук-эксперттик ишти ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү(соттук-эксперттик ишти актуалдаштыруу, оптималдаштыруу жана стандартташтыруу),ошондой эле анын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык келтирүү болуп саналат.

Алсак, ушул Мыйзам менен “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

  • мамлекеттик эмес соттук эксперттер тарабынан соттук-эксперттик ишти жекече, соттук-эксперттик уюмдан тышкары жүзөгө ашыруу;
  • мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын жарылуучу техникага экспертизаны жүргүзүүсүн жокко чыгаруу;
  • Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттер палатасын жана Этика боюнча комиссияны түзүү;
  • Соттук эксперттер палатасынын башкаруу органдарын – Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съездин жана Соттук эксперттер палатасынын кеңешин бекитүү;
  • Соттук эксперттер палатасынын уставына талаптар;
  • кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүүнү тапшырууда мурдагы экспертизалардын корутундуларын милдеттүү түрдө берүү.