Кыргызстанда англис укугуна ылайык Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борбору түзүлөт
8 октябрь

Кыргызстанда англис укугуна ылайык Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борбору түзүлөт

КР Юстиция министрлиги жана Улуу Британиянын элчилиги «Тамчы» атайын каржылык-инвестициялык аймагынын (АКИА «Тамчы») алкагында англис укугун өнүктүрүү жана Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборун түзүү боюнча Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

АКИА «Тамчы» — бул Ысык-Көл облусунун аймагындагы өзгөчө укуктук режимге жана макамга ээ болгон аймак болуп, анын негизги максаты — инвестицияларды тартуу, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, туризмди, транспорттук жана курорттук инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.

АКИА «Тамчы» жөнүндө Мыйзам бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды жана инвесторлордун, анын ичинде чет элдик инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун ишенимдүү кепилдиктерин түзүүнү карайт.

АКИА «Тамчы» аймагындагы бардык талаш-тартыштарды англис укугуна негизделген Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борбору карайт.

Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин колдоосу менен англис укугун киргизүү боюнча эксперттик жардам көрсөтүүчү консультанттардын тобу тартылган. Учурда Кыргызстанда коммерциялык жана инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн нейтралдуу жана ишенимдүү борбор түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул борбор дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбага негизделет.

Бул долбоор өлкөнүн заманбап, эл аралык деңгээлде таанылган, калыс талаш-тартыштарды чечүү аянтчасын түзүү максатына жетүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары, ЭТЧБда «Тамчы» АКИАсынын сыртына чыккан талаш-тартыштарды да инглиз укугунун принциптерине ылайык кароо мүмкүнчүлүгү каралууда.