Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесинин 65 чакырым аралыгына асфальт төшөлдү
8 октябрь

Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесинин 65 чакырым аралыгына асфальт төшөлдү

Бишкек – Ош жолунун жолунун Суусамыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө 65 чакырым аралыкка асфальт басылды.

Иш ыргагы ырааты менен уланып, асфальт төшөө иштери менен катар жол сызыктарын чийүү жумуштары да аткарылууда.

Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулган.

Белгилей кетсек, Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесиндеги курулуш иштерине 2 подряддык компания тартылган.