Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн камтылышына улуттук баа берүү жүргүзүлүүдө
22 май

Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн камтылышына улуттук баа берүү жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык иммунопрофилактика борбору Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) колдоосу менен 2023–2025-жылдар аралыгында өткөрүлгөн кызамык жана кызылчага каршы эмдөө кампанияларынан кийин калктын эмдөөгө болгон камтуусун баалоону жүргүзүүдө.

Бул баалоонун жүрүшү 2016-жылдын ноябрынан 2024-жылдын январь айына чейин туулган, эмдөөгө тийиштүү болгон балдардын чыныгы эмделүү деңгээлин аныктоо, эмдөөдөн баш тартуу себептерин жана жеткиликтүүлүк тоскоолдуктарын билүү, ошондой эле келечектеги иммунизация иш-чараларын пландоого далилдүү негиз түзүү болуп саналат.

2023-жылдын октябрынан 2025-жылдын 31-мартына чейинки мезгилде эмдөө боюнча масштабдуу кампаниялар бир нече этапта өткөрүлүп, өлкө боюнча болжол менен 900 миң бала камтылган. Жалпы камтуу деңгээли 83% түзгөнүнө карабастан, бул иш-чаралардын натыйжалуулугун көзкарандысыз баалоо жана эмдөөгө жетпей калган калк катмарларын аныктоо зарылдыгы бар.

Изилдөөнүн талаа баскычы 2025-жылдын 27-майдан 31-майга чейин өтөт. Ал 7 облустагы 30 районду жана Бишкек, Ош шаарларын камтыйт. Маалыматтарды чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук Коомунун атайын даярдыктан өткөн 120 ыктыярчысы тартылат. Сурамжылоодо электрондук планшеттер жана стандартташтырылган анкета колдонулуп, бул маалыматтарды так жана ыкчам жыйноого мүмкүндүк берет.

Баалоону жүргүзүүгө БДСУнун Европа аймактык бюросунун консультанты тартылып, ал кызамык жана кызылчага каршы иммунизациядан кийинки камтууну баалоо боюнча даярдык иштерин өткөргөн.

Баалоонун жыйынтыгында кеңири отчет даярдалып, ал Саламаттык сактоо министрлигине, Республикалык иммунопрофилактика борборуна жана эл аралык өнөктөштөргө сунушталат. Аталган маалыматтар алыскы жана жетүү кыйын аймактардагы эмдөө стратегияларын өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөдөгү жугуштуу ооруларга каршы эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүүгө негиз болот деп күтүлүүдө.