Кадамжайда жаш карылар арасында Куран сынагы өттү. Жеңүүчүлөр
11 август

Кадамжайда жаш карылар арасында Куран сынагы өттү. Жеңүүчүлөр

Кадамжай шаарында 10-августта Куран жаттоо боюнча сынак болуп, район аймагындагы мыкты жаш карылар аныкталды. Бул тууралуу Баткен казыятынан кабарлашты. 

Сынакка Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, белгилүү дин аалымы молдо Ахунжан устаз Курбанов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты.

Жарыш 1 пара, 10 пара жана 30 пара Куран жаттаган жаштар арасында өткөрүлүп, катышуучулар өздөрүнүн билими жана тажрыйбасын көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөр жана сыйлыктар

1 пара боюнча:

  • 1-орун – Абдымомунов Умар (14 жаш) – 8 миң сом
  • 2-орун – Аманов Нурислам (14 жаш) – 6 миң сом
  • 3-орун – Эгембердиев Имрон (12 жаш) – 3 миң сом

10 пара боюнча:

  • 1-орун – Сабиров Исхак (18 жаш) – 10 миң сом
  • 2-орун – Үсөнов Умар (15 жаш) – 8 миң сом
  • 3-орун – Малаев Ражапали (17 жаш) – 4 миң сом

30 пара боюнча:

  • 1-орун – Имарали уулу Мухаммедшариф – 15 миң сом
  • 2-орун – Алимжанов Салман – 10 миң сом
  • 3-орун – Самиев Сиражидин – 10 миң сом

Сынак соңунда катышуучуларга жана конокторго белектер тапшырылып, уюштуруучулар мындан ары да мындай иш-чараларды өткөрүп турууну убадалады.

Иш-чараны Кадамжай районунун баш имам хатиби Абдимуталип ажы Усманов жана Москва шаарында эмгектенген мекендештердин “Кадамжай” коому биргеликте уюштурду