Ысык-Көлдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана башаламан сооданын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү
2025-жылдын туристтик сезону жүрүп жаткан учурда Ысык-Көл районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жол жээгиндеги уруксатсыз соода-сатыктын алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, уруксатсыз соода менен алектенип жаткан 6 жаран аныкталып, аларга карата административдик чаралар көрүлүп, айып пулдар салынды.
Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол жээгиндеги башаламан сооданын айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн түзгөн коркунучу, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоонун мааниси кеңири түшүндүрүлдү.
“Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо – биздин негизги милдет. Жол боюндагы башаламан соода мыйзам бузуу гана эмес, адам өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн,” – деп белгилешти кызматкерлер.
Бул иш-чаралар туристтик мезгилде коомдук тартипти сактоо, жол кыймылын коопсуз шартта уюштуруу жана жарандарга ыңгайлуу, коопсуз чөйрө түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
