Кыргызстанга 15 млн сомдук мыйзамсыз препараттарды алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол – автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда бетти тарттыруу үчүн мыйзамсыз инъекциялык препараттардын жана ботекс аналогдорунун партиясын мамлекеттик чек арадан алып өтүү учурунда кармашты.
Партиянын тиешелүү тастыктамалары жок болгон жана жасалма коштомо документтердин белгилери болгон.
Кармалган товардын болжолдуу баасы 1,5 миллион сомду түзөт.
Мыйзамсыз жүк ташыган автоунаа айып короо жайына киргизилип, материалдар андан ары териштирүү үчүн бажы органдарына өткөрүлүп берилди.
