Ош шаары Швейцария жана Япония менен өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарат
Ош мэриясы
1 июль

Ош шаары Швейцария жана Япония менен өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерлини жана Япониянын КРдагы элчиси Рюти Хиранону кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушууда Ош шаары менен Швейцариянын жана Япониянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы, ошондой эле аны жаңы багыттар боюнча кеңейтүү маселелери талкууланды.

Шаар мэри Ош эл аралык өнөктөштүккө ачык экенин белгилеп, шаар бийлиги инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, санариптик трансформация жана жаштар саясаты боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле шаарда соңку мезгилде билим берүү, саламаттык сактоо, жол-транспорт инфраструктурасы, жашыл аймактарды көбөйтүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, алдыдагы артыкчылыктуу долбоорлор тааныштырылды.

Элчилер жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туруктуу өнүгүү, заманбап шаардык башкаруу жана инфраструктураны жакшыртуу багыттарындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Жанарбек Акаев Швейцария менен Япониянын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде аймактарды колдоого кошуп жаткан салымын жогору баалап, өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүк алдыда дагы жаңы долбоорлор менен толукталарын билдирди.