“Улан-Чи” ЖЧК эмгек мыйзадарын бузганы үчүн 36 000 айып пул салынды
11 август

“Улан-Чи” ЖЧК эмгек мыйзадарын бузганы үчүн 36 000 айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын 2022-жылдын 9-июнундагы №40-од буйругуна жана министрликтин Аймактар аралык башкармалыгынын 2025-жылдын 30-июнундагы №24103325-13 талап катына ылайык, “Улан-Чи” ЖЧКда пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда эмгек мыйзамдарын колдонууда жана аткарууда бир катар укук бузуулар аныкталды. Натыйжада тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу үчүн мекеме жетекчилигине жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 23 000 (жыйырма үч миң) сом жана 871-беренесине ылайык 13 000 (он үч миң) сом, жалпысынан 36 000 (отуз алты миң) сом айып пул салынды.