Ош шаарында айт намазы мечиттерде окулат
www
19 март

Ош шаарында айт намазы мечиттерде окулат

Эртең, 20-март – Орозо айт намазы Ош шаарында мечиттерде окулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Айт намазын өткөрүүнүн тартиби:

07:30-08:00 – Куран окуу

08:00-08:25 – Диний баяндар

08:25-08:30 – Айт намазын окуу тартибин, эрежелерин түшүндүрүү

08:30-08:50 – Айт намазын окуу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чечими менен Орозо Айт намазы Бишкекте гана аянтта окулат.