Бишкекте куткаруучулар муз тебүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертүүдө
26 январь

Бишкекте куткаруучулар муз тебүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертүүдө

Бишкектеги  №21, №29 жана №69 мектептердин окуучуларына муз тебүүдөгү коопсуздук эрежелери эскертилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматы менен биргеликте окуучуларга кышкы мезгилде тоодо чана тебүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо, көлмөлөрдө тоңгон муз үстүндө ойнобоо жана кыш мезгилинде узак жолго чыгууда аба ырайы боюнча шашылыш эскертүүлөргө көңүл буруу боюнча лекция, нускамалар өтүштү.

"Учурда эс алуу күндөрү борбордүн көпчүлүгү тоодо эс алууга жөнөшөт. Кырсыктын алдын алууга багытталган үгүт-насаат иштерин куткаруучулар байма-бай уюштуруп мектептерге жана окуу жайларга коопсуздук эрежелерин эскертүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.