Жолдор жана энергетика: мамлекеттик балуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражат кайда жумшалат?
Мамлекеттик казына облигацияларын калкка сатуудан түшкөн каражаттар ири мамлекеттик долбоорлорду каржылоого багытталат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Кыргыз фондулук биржасынын листинг жана баалуу кагаздар менен соода жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Алишер Байсубанов билдирди.
Анын айтымында, тартылган каражаттар мамлекеттик карызды кайра каржылоого, ошондой эле транспорт, энергетика, байланыш жана башка социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.
«Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алган ар бир жаран өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду каржылоого түздөн-түз салым кошот», – деди Байсубанов.
Ал ошондой эле мамлекеттик казына облигациялары эң ишенимдүү каржы инструменттеринин бири экенин белгилеп, алар боюнча мамлекеттин милдеттенмелери Кыргызстандын мыйзамдары менен кепилденгенин кошумчалады.
