Турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине батирлерди ижарага берүү жөнүндө маалыматты салык органына берүү сунушталат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна ылайык, турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин (ТМЭШ) турак жана турак эмес жайларды ижарага берүү тууралуу маалыматты салык органдарына берүү боюнча ченем киргизүү сунушталып, коомдук талкууга коюлганын маалымдайт.
Сунушталган ченемге ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктиктери, көп батирлүү үйлөрдө иш жүргүзгөн башкаруучу жана тейлөөчү компаниялар иш жүзүндө ижарага берилип жаткан жайлар жөнүндө маалыматты салык органдарына берүүгө милдеттүү. Бул сунуштун максаты – ижарага берүүнү жөнгө салуу жана мүлктү ижарага берген жарандардан салыктык түшүүлөрдүн толуктугун камсыз кылуу болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Салык кызматына көп батирлүү үйлөрдө жашаган жарандардан дайыма даттануулар келип түшөт. Негизги даттануулар кошуна батирлер күнүнө же айына ижарага берилип, ижарачылар коомдук тартипти бузуп, ызы-чуу чыгарып, кошуналарга тынчтык бербегиндигине байланыштуу болууда.
Ошондой эле, бул батирлердин ээлери алынган кирешеден салык төлөбөй жатышат деген негизги күмөн бар.
