Ош шаарынын мэриясы ЕККУ менен кызматташтыкты чыңдайт
22 май

Ош шаарынын мэриясы ЕККУ менен кызматташтыкты чыңдайт

Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын улук саясий кеңешчиси Питер Надерер менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар улуттук азчылыктардын социалдык турмушка активдүү аралашуусу, этностор аралык ынтымакты чыңдоо, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.

Салтанат Аманова өз сөзүндө Ош шаарында этностор аралык мамилелерди бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мэрдин орун басары белгилегендей, Ош шаарында 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымакта жана достукта жашашат. Ар бир улуттун маданияты сакталган. Шаарда улуттук азчылыктардын соода-сатык жана кол өнөрчүлүк менен алектенүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Учурда 9 муундан бери уланып келе жаткан, 10дон ашык түрү бар кол өнөрчүлүк тармагында да этностук өкүлдөр активдүү иш алып барышууда.

Питер Надерер Ош шаарынын бай тарыхын, этностук ар түрдүүлүгүн жана улуттар аралык тынчтыкты сактоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди жогору баалап өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара байланыштарды жана кызматташууну мындан ары да чыңдоо боюнча макулдашышты.