“Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол” унаа жолун куруу мөөнөтүн жана ченемдерин одоно бузгандыгы үчүн “К.Ж.К.” подряддык уюмунун негиздөөчүсү кармалды
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, КР УКМК тарабынан “Балыкчы - Бөкөнбаев-Каракол” авто жолунун курулушунун үч участогу боюнча “Кыргыз Жол Курулуш” ЖЧКсы тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, келишимдин шарттарын аткарбагандыгы, курулуш иштеринин мөөнөттөрүн жана техникалык ченемдерин бузгандыгы, Республикалык маанидеги автожолдун өз убагында бүткөрүлбөй калышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, коммерциялык уюмдун кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсынын жана «ИС-Саби Холдинг» ЖЧКсынын негиздөөчүсү КР жаран И.М.И. кармалып, Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
