Улуттук гвардияда ачык эшиктер күнү өттү
18 февраль

Улуттук гвардияда ачык эшиктер күнү өттү

КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө бүгүн, 18-февралда Бишкекте жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары  жана студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Иш-чарага аскер кызматчылар, 500дөн  ашуун окуучу жана чакырылган коноктор катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын назарына, жоокерлердин ашканасына жана  казармасына болгон экскурсия уюштурулуп, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү көргөзүлдү. 

Иш чаранын соңунда КР КК Улуттук гвардиясынын ардак карooл ротасы өзүнүн куралы менен көнүгүүлөрдү, атайын багыттагы  батальонунун өздүк курамы  кармап-урушуу ыкмаларын, ал эми аскердик оркестри өзүнүн атайын даярдалган дэфилесин  көрсөтүштү.