Алайда 6 үй-бүлө жашаган турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду 
14 июнь

Алайда 6 үй-бүлө жашаган турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду 

Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында барак тибиндеги турак үйдөн өрт чыкты. 

ӨКМден кабарлашкандай, кырсык 14-июнда саат түнкү саат 02:28де катталган. 

Жалынды өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Өрт саат 02:45те курчоого алынып, саат 14:10до толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен 63 жаштагы аял каза болду.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

"Кырсык болгон үй 10 бөлмөлүү болуп, анда учурда 6 үй-бүлө — жалпы 23 адам жашап келген", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн жалпы аянты 348,2 чарчы метрди түздү.

Коңшу жайгашкан эки турак үй өрттөн сакталып калды.