Баткендеги Айгүл-Таш–Согмент–Таян жолуна асфальт төшөлөт
22 май

Баткендеги Айгүл-Таш–Согмент–Таян жолуна асфальт төшөлөт

Баткен районуна караган Айгүл-Таш–Согмент–Таян жолунун 6-9-чакырымдар жана 11-13-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 

Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

«Келе жаткан аптада асфальт төшөө иштери башталат», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Айгүл–Таш–Согмент–Таян жолунун 3-8-чакырымдар аралыгы сай аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу 5 чакырым жаңы жол курулду.