Ак-Ордодогу бир туугандардын өлүмү. Шектүү кармалды
8 октябрь

Ак-Ордодогу бир туугандардын өлүмү. Шектүү кармалды

2025-жылдын 3-октябрына карагандан түнү Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринде 2 адам өлтүрүлгөн.

Шаардык милиция окуяга шектүү делип 2006-жылы туулган жаран кармалгандыгын кабарлады. Милицияга купуя чалуу түшкөн, анын жыйынтыгында шектүү колго түшүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка караганда, шектүү Ынтымак көчөсүндөгү жеке үйгө кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салган. Жыйынтыгында 1991-жылы туулган эркек киши 22 ирет бычактан алган жарааттан улам жеринде каза болгон. Анын 1989-жылы туулган эжесине 14 бычак урган. Ал да жеринде көз жумган. 

Маркумдун аялы үч баласы менен терезеден качып чыгып, милиция чакырган. 

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыштын чоо-жайы такталууда.