Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын борборунда өтүп жаткан эл аралык көргөзмөсүнө катышууда
Бүгүн, 18-февраль күнү Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде “Айдекс” жана “Навдекс” эл аралык көргөзмөсү өтүүдө.
Иш-чарага ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков жетектеген, Кыргыз Республикасынын ИИМдин делегациясы катышты.
Бул көргөзмө эл аралык коргоо көргөзмөсү жана конференциясы — жакынкы чыгыштагы эң ири коомдук коопсуздук жана курал-жарак көргөзмөсү болуп саналат. Бул көргөзмө Абу-Дабиде эки жылда бир өткөрүлүп турат.
Иш сапардын максаты - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишиндеги оң тажрыйбаны андан ары интеграциялоо үчүн брондолгон унаалар, дрондор жана башка заманбап коргонуу технологиялары жаатындагы акыркы моделдерди, инновацияларды изилдөө болуп саналат.
Иш-чарада коомдук тартипти бекемдөө, коопсуздукту камсыз кылуу жана жаңы милициянын кызматтык жана күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү милдеттер экендиги белгиленди. Ошондой эле чет мамлекеттердин оң тажрыйбасын изилдөө жана талдоо, аны ички иштер органдарынын ишине андан ары интеграциялоо артыкчылыктуу багыт болуп санала тургандыгы айтылды.
Белгилей кетсек, бул иш-чара 2025-жылдын 17-февралынан 21-февралына чейин улантылмакчы.
